> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жол эрежесин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/22/zhol-erezhesin-buzgan-3704-aidoochuga-protokol-tuzuldu/
- Published: 2026-06-22T03:42:25.000Z
- Updated: 2026-06-22T03:42:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн профилактикалык рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган 3704 айдоочуга протокол түзүлдү.**

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда 85 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган.

> *Эреже бузгандар:* 

> *184 айдоочу каршы тилкеге чыккан;*

> *482 айдоочу тиешелүү документтерсиз унаа башкарган;*

> *281 айдоочу ылдамдыкты ашырган;*

> *4 автоээнбаштык фактысы катталган.*

> *Мындан сырткары, жол эрежелерин одоно бузган 352 унаа айып короого токтотулду.*

Милиция кызматкерлери айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, рулга мас абалда отурбоого жана жолдогу коопсуздук үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.