> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/23/batkendegi-selden-ulam-adminstrativdik-imarattardy-da-suu-kaptady/
- Published: 2026-06-23T06:48:58.000Z
- Updated: 2026-06-23T06:48:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**22-июнда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.**

Маалыматка караганда, сел сууларынын кесепетинен турак үйлөрдү, короо-жайларын, административдик имараттарды, автоунааларды, ички жолдорду жана бир катар коммерциялык объектилерди суу каптап, материалдык чыгым келтирди. Айрым жерлерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Кээ бир жол каттамдары жабылды.

> *Учурда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.*

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок. Келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда. Абал тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө.