> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/23/prezident-batkendegi-seldin-kesepetin-zhoiuu-boiuncha-tapshyrma-berdi/
- Published: 2026-06-23T05:33:08.000Z
- Updated: 2026-06-23T05:33:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров 19-22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди.**

Маалыматка таянсак, Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди.

> *Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.* 

Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат.