> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмоктогу ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча тергөө башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/23/tokmoktogu-ok-atuu-menen-koshtolgon-zhanzhal-boiuncha-tergoo-bashtaldy/
- Published: 2026-06-23T09:10:09.000Z
- Updated: 2026-06-23T09:10:08.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**22-июнда Токмок шаарындагы "Гавайи" эс алуу борборунун аймагында 22 адамдын катышуусунда ок атуу менен коштолгон жаңжал болду. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.** 

Маалыматка ылайык, жаштар арасындагы пикир келишпестик алгач кайым айтышуудан башталып, кийин мушташка айланган. Андан соң катышуучулар бири-бирин унаалар менен кууп жөнөшкөн.

> Күбөлөрдүн айтымында, куугунтук учурунда ок атылганы угулуп, унааларга таштар ыргытылган.

Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 22 адам милицияга жеткирилип, беш унаа айып короосуна токтотулду.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!