> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/25/bishkektin-airym-boluktorundo-suu-ochurulot-2/
- Published: 2026-06-25T09:26:08.000Z
- Updated: 2026-06-25T09:26:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**26-июнда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.**

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, сууну өчүрүү Коперник көчөсү – Поваринская көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсүндө болот.

Коперник көчөсүндөгү Д= 200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат. 

> *"Бишкексууканал" ишканасы ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.*

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турса болот.