> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шамалды-Сайда 109 млн сомго стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/25/shamaldy-saida-109-mln-somgo-stadion-ondop-tuzoodon-otkoruldu/
- Published: 2026-06-25T09:58:36.000Z
- Updated: 2026-06-25T09:58:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион 67 жылдан кийин заман талабына ылайык толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен каралып, жалпы наркы 109 миллион сомду түздү.

Жаңы стадиондо эл аралык стандарттарга жооп берген, аянты 6 661 чарчы метр болгон футбол талаасы, 3 393 чарчы метрди түзгөн жеңил атлетикага арналган чуркоо жолу, 2 400 көрүүчүгө ылайыкталган орундуктар жана административдик корпус курулду.

> *Оңдоп-түзөө иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, курулуштун ар бир этабы техникалык талаптарга ылайык текшерүүдөн өткөрүлдү.*

Белгилей кетсек, Шамалды-Сай стадиону 1959-жылы курулуп, ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.