> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө 12,5 млн доллар жумшалат
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/25/sulaiman-toonu-kalybyna-keltiruugo-12-5-mln-dollar-zhumshalat/
- Published: 2026-06-25T10:14:47.000Z
- Updated: 2026-06-25T10:14:47.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Сулайман-Тоону калыбына келтирүү иштерине Дүйнөлүк банк 12,5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.**

> Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк жалпы 16 млн доллар каражат бөлүп жатат. Анын 12,5 млн доллары Сулайман-Тоону калыбына келтирүүгө, ал эми калган бөлүгү Өзгөндөгү тарыхый мунаранын жанына музей курууга жумшалат.

Мамбеталиев белгилегендей, долбоордун ишке ашуусу ЮНЕСКО менен макулдашуу иштерине байланыштуу бир аз кечеңдеген.

Жакынкы мезгилде Сулайман-Тоодогу жарыктандыруу тутуму жаңыланып, үңкүр музейи калыбына келтирилет. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!