> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абаддык окуучу кыз Түндүк уюлда эл аралык экспедицияга катышат
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/26/zhalal-abaddyk-okuuchu-kyz-tunduk-uiulga-el-aralyk-ekspeditsiiaga-katyshat/
- Published: 2026-06-26T06:06:02.000Z
- Updated: 2026-06-26T08:05:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова “Росатомдун” - “Билимдин муз жаргычы” эл аралык илимий-билим берүү долбоорунун жеңүүчүсү болуп таанылды.**

“Билимдин муз жаргычы” илимий-агартуучу долбооруна катышуучуларды **тандоо** 5-майда башталып, **үч этап менен өттү.** Ага Армения, Бангладеш, Беларусия, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африкадан келген **14 жаштан 16 жашка** чейинки **5 миңге** жакын таланттуу мектеп окуучулары күч сынашып, мыктылардын мыктысы катары 2**2 окуучу тандалып алынган.**

> Росатомдун маалыматына караганда, жеңүүчүлөр **үч баскычтуу тандоодон өтүштү**. Алар илимий викторинага катышып, **атомдук энергетика, заманбап технологиялар** жана Арктика боюнча билимдерин сынашып, финалда **"Атомдук технология бүгүн дүйнөнү кандай өзгөртүп жатат?"** деген темада чыгармачыл долбоорлорун коргошкон.

Эл аралык тандоо сынагынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси [**долбоордун**](https://goarctic.energy/2026/06/23/opredeleny-imena-pobeditelej-mezhdun/)расмий сайтында жайгашкан.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/-------------1.png)

> *"Чынымды айтсам, мен дагы деле ушунун баары мени менен болуп жатканына ишене албай турам. Мен сынакка өз ишимди жибергенде, жөн гана өз күчүмдү сынап көргүм келген, эми Т*үндүк уюлга барганы калдым.* Сынак оңой болгон жок, бирок *мен өзүмдү көргөзө алдым*",* \- деп бөлүштү **Мээрим Турдумахаматова.**

Эми жаш чилистендер **август айында** дүйнөдөгү жалгыз атомдук муз жаргыч флотунун өкүлү болгон **“Жеңишке 50 жыл” кемеси** менен Түндүк уюлга уюштурулган эл аралык экспедицияга катышууга барышат.

**Экспедиция учурунда** катышуучулар үчүн атомдук технологиялар, **Арктиканы изилдөө** жана илим боюнча **лекциялар, мастер-класстар** жана **практикалык эксперименттер** уюштурулат.

---

**"Билимдин муз жаргычы" илимий-агартуучу долбоор -** "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган. Ал табигый илимдерди жана атомдук тармактын технологияларын жайылтууга, таланттуу жана шыктуу балдарды аныктоого жана колдоого, алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик багыт берүүгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/--------------062.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/--------------124.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/--------------025.jpg)