> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/27/koomduk-talkuu-batken-okuialaryn-batken-sogushu-dep-taanuu-demilgelendi/
- Published: 2026-06-27T07:33:08.000Z
- Updated: 2026-06-27T07:33:42.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору** [**коомдук талкууга** ](https://koomtalkuu.gov.kg/ru/jk-laws/4958?)**коюлду.**

> Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо.

Долбоорго ылайык, бул макам 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик чек арасын коргоого түздөн-түз катышкан аскер кызматкерлерине, укук коргоо, улуттук коопсуздук органдарынын, чек ара кызматкерлерине жана башка катышуучуларга берилет.

> Ошондой эле аталган куралдуу кагылышууларга карата "Баткен согушу" деген термин мыйзамдык деңгээлде бекитилмекчи.

Катышуучулардын согуш ардагери макамын ыйгаруунун тартибин, аны тастыктоочу документтердин тизмесин, мамлекеттик реестрди түзүү жана жүргүзүү эрежелерин Министрлер кабинети аныктайт.

> Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда Баткен согушунун катышуучуларына мамлекеттик социалдык колдоо жана жеңилдиктерди көрсөтүүнүн укуктук негиздерин түзгөн өзүнчө берене киргизүү сунушталган.

Ар бир жаран демилге боюнча сунуш-пикирин билдире алат.