> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/29/manas-shaarynda-kurulup-zhatkan-mektepter-teksherildi/
- Published: 2026-06-29T03:23:52.000Z
- Updated: 2026-06-29T03:23:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**28-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.**

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү боюнча подрядчы уюмдарга эскертүүлөрдү берди.

> *Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 6 жаңы мектеп курулууда.*

Алар:

Көк-Арт аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек жаңы конушундагы 375 орундуу мектеп;

Курманбек аймактык башкармалыгы, 750 орундуу мектеп;

Т. Тайгараев аймактык башкармалыгы, Чолок-Терек айылы, Т. Идирисова атындагы 375 орундуу мектеп;

Спутник аймактык башкармалыгы, 530 орундуу мектеп;

Достук аймактык башкармалыгы, Б. Осмонов атындагы 375 орундуу мектеп;

Достук аймактык башкармалыгы, Ж. Болотова атындагы 375 орундуу мектеп.

Аталган мектептер Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.