> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстандан алынып келинген колбаса Кыргызстанга киргизилген жок
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/29/ozbekstandan-alynyp-kelingen-kolbasa-kyrgyzstanga-kirgizilgen-zhok/
- Published: 2026-06-29T08:19:18.000Z
- Updated: 2026-06-29T08:19:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ош облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 650 кг колбаса Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жүктү текшерүү учурунда Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун тескөөчүлөрү тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын бузулгандыгы аныкталды. Атап айтканда, продукциянын маркалоосу жок болуп, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени белгиленди.

> *Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок. Тескөөчүлөр тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жүк “Достук” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Өзбекстанга кайтарылды.*

Ветеринардык көзөмөл мамлекеттик чек ара аркылуу ташылып өтүүчү жаныбарлардан алынган продукциялардын коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкө аймагына ветеринардык талаптарга жооп бербеген товарлардын кирүүсүнө жол бербөөгө багытталган.