> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/29/ysyk-koldo-tamaktanuuchu-zhailar-teksheriluudo/
- Published: 2026-06-29T08:50:50.000Z
- Updated: 2026-06-29T08:50:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Жайкы туристтик мезгилге карата калктын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл районундагы коомдук тамактануучу жайларда текшерүү жүргүзүлүүдө.**

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен биргеликте 22 коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынды.

> *Анда ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары каралды.*

Текшерүүнүн жыйынтыгында 6 коомдук тамактануучу жайда тиешелүү коштомо документтердин толук эместиги аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча ишкана жетекчилерине эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!