> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/30/bishkek-shaarynda-suunun-baasy-kymbattady/
- Published: 2026-06-30T12:23:20.000Z
- Updated: 2026-06-30T12:23:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды.**

Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү.

> *Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы сунуштаган.* 

Муниципалитет бул жогорулоону шаардын суу менен камсыздоо тармактарынын начарлашы жана "Бишкекводоканал" ишканасынын чыгымдардын өсүшү жана суроо-талаптын жогорулашынан улам каржылык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен түшүндүрдү.