> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/30/karakoldo-meimankananyn-kurulushu-boiuncha-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-06-30T10:29:44.000Z
- Updated: 2026-06-30T10:29:43.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Каракол шаарынын Масалиев көчөсү 122 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди**. 

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан объектилерге туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

> Кезектеги текшерүүдө “Мега Прим” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Учурда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Белгиленгендей, мейманкананын курулуш иштери бекитилген долбоордук документтерден четтөө менен жүргүзүлүп жаткан. Бул шаар куруу мыйзамдарынын жана бекитилген долбоордук чечимдердин талаптарына ылайык келбейт.

Департамент бардык курулуш компанияларын курулуш мыйзам-ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоого чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/IMG_0684.JPG-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/IMG_0682.JPG-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/IMG_0681.JPG-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/IMG_0680.JPG-1.jpeg)