> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/06/30/maiyptygy-bar-zharandardyn-mamlekettik-kyzmatka-ishtoosuno-zhol-achyldy/
- Published: 2026-06-30T12:40:52.000Z
- Updated: 2026-06-30T12:40:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.**

> *Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт.*

Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 

кадрлар резервине, анын ичинде майыптыгы бар, ушул мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргызстандын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкаркы тартипте кирет;

мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси майыптыгы бар, ушул мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргызстандын жарандарын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү;

кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.