> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/01/manas-shaaryndagy-es-aluu-parky-zhanylanyp-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-07-01T05:25:09.000Z
- Updated: 2026-07-01T05:25:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Манас шаарында реконструкциядан өткөн маданият жана эс алуу паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, шаар жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышышты.**

> Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы **Артем Новиковдун маалыматына ылайык**, паркты реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору РКӨФ, Манас шаарынын мэриясы жана жеке инвесторлордун өнөктөштүгү менен ишке ашырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/6a40c832862d3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/6a40c8396599d.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Билдирүүгө караганда, долбоордун **жалпы наркы 6 млн$ түзүп, анын 3 млн$ РКӨФ** тарабынан жеңилдетилген шартта **каржыланып,** шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жайын түзүүгө жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталды.

Бир жыл ичинде аянты **5 гектардан** ашкан **«Манас» паркы** толугу менен жаңыланып, аймак **көрктөндүрүлдү**. Ошондой эле коопсуздукту камсыздоо үчүн заманбап видеокөзөмөл системасы орнотулуп, реконструкцияланган белгилүү «Байчечекей» балмуздак кафеси кайрадан эшигин ачты.