> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан парктын курулушу менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/01/prezident-ondop-tuzoodon-otup-zhatkan-parktyn-kurulushu-menen-taanyshty/
- Published: 2026-07-01T10:17:23.000Z
- Updated: 2026-07-01T10:17:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы А.Пушкин атындагы сейил бакты оңдоп-түзөөнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөрү маалымдалды. Оңдоп-түзөөнүн алкагында административдик имарат жана амфитеатр курулуп, сегиз заманбап аттракцион, анын ичинде айланма дөңгөлөк жана америкалык “горкалар” орнотулду, каскаддуу жана кургак фонтандар, балдар оюн аянтчасы жана скейт аянтчасы курулду.* 

Мындан тышкары, сейил бактын аймагы көрктөндүрүлүп, жөө адамдар үчүн жолдор салынды, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, автоматтык сугаруу жана тышкы жарыктандыруу системалары орнотулду.