> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/02/kogultur-otko-karyzy-bar-abonentterdin-gazy-ochurulo-bashtady/
- Published: 2026-07-02T05:00:44.000Z
- Updated: 2026-07-02T05:00:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 1-июлдан тартып дебитордук карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынан маалымдашты.**

Билдирүүгө караганда карызы бар керектөөчүлөрдүн газын өчүрүү иштери **жай мезгилинде гана жүргүзүлөт**. Ал эми күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында мындай чара колдонулбайт.

Абоненттер карызынын көлөмүн “Газпром Кыргызстан” компаниясынын мобилдик тиркемесиндеги жана расмий сайтындагы **жеке кабинети**, **төлөм дүмүрчөгү** же “Мой дом” кызматы **аркылуу текшере алышат**. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/---------------------------253--2-1.png)

Төлөмдөрдү компаниянын мобилдик тиркемеси, “Мой дом” сервиси, мобилдик капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүүгө болот.

Эгер газ карызга байланыштуу өчүрүлсө, аны кайра туташтыруу үчүн алгач **карыз толугу менен төлөнүшү керек**. Андан соң кардар жеке кабинети аркылуу же кардарларды тейлөө кеңсесине кайрылып арыз тапшырат.

> Газды **кайра туташтыруу** кызматынын **баасы 1270** сомду түзөт. Төлөмдү BAKAI жана MBank **мобилдик банкинги аркылуу** же кардарларды **тейлөө кеңселеринде жүргүзүүгө болот**. 

Компаниянын маалыматына ылайык, газ берүү арыз кабыл алынган күндөн тартып **үч иш күнүнүн ичинде** калыбына келтирилет.

Эске салсак, көгултүр газ менен өлкөнүн бардык аймактары камсыздалган эмес. Газ туташтырылган негизги шаарлар: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта жана Кант.