> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лотореялык алдамчылык: унаа, акча жана “жеңил утуштар”
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/02/lotoreialyk-aldamchylyk-unaa-akcha-zhana-zhenil-utushtar/
- Published: 2026-07-02T07:45:44.000Z
- Updated: 2026-07-02T07:45:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы мыйзамсыз лотереяларды интернет аркылуу өткөрүү фактыларынын көбөйүп баратканына эске салууда.**

> Билдирүүгө караганда, **алдамчылар лотереяларды уюштуруп**, ар кандай интернет платформалар аркылуу мыйзам талаптарына жооп бербеген оюндарга катышууну сунуштап жатышат. Натыйжада, автомобиль, ири суммадагы акча каражаттарын же баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгү жарандардын кызыгуусун жаратып, **алданууга алып келүүдө.**

Лоторея ойнотуунун **мыйзамдуулугун билиш үчүн** \- лотереяны уюштуруучулардын тиешелүү лицензиясы бар экендигин текшерүү зарыл. Лотереялардын мыйзамдуулугу боюнча күмөн саноо жаралса тиешелүү кеңеш алуу үчүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кайрылса болот.

### Мыйзамсыз өткөрүлгөн лотереялардын негизги белгилери:

1) Лотереяны өткөрүү уруксатынын жоктугу;  
2) Оюндарга катышуу же сыйлык алуу үчүн акча которууну талап кылуу;  
3) Лотерея өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтын жоктугу;  
4) Ири суммадагы акча каражатын/баалуу байге үчүн негизсиз убада. 

Учурда КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан төмөндөгү **мыйзамсыз лотерея уюштуруучулар** үстүндөтергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө:

\- лотерея «Altyn belek»;  
\- лотерея «MEGA SHANC»;  
\- лотерея «БАБЛ ТИ БИШКЕК»;  
\- лотерея «NAKITO КОФЕЙНЯ БИШКЕК»;  
\- лотерея «MOTOAKS.KG /АКСЕСУАРЫ БИШКЕК»;  
\- лотерея «enesaicitykg»;  
\- лотерея «aziya\_2026.2»;  
\- лотерея «kitepkg01»;  
\- лотерея «yrys\_ordo/kg».

> Мындай лотереяга туш болгон кезде, **алданбоо үчүн**  \- шектүү лотереяны уюштуруучуларга жеке маалыматты же акча каражатын бербей шектүү оюнга катышуудан баш тартуу сунушталат.