> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/02/osh-oblustuk-oorukanasyna-10-mln-somduk-zhabduular-berildi/
- Published: 2026-07-02T09:50:01.000Z
- Updated: 2026-07-02T09:50:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Япония өкмөтү тарабынан берилген медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаты болуп өттү.** 

Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюти, элчиликтин 2-катчысы Танимото Тацуя катышты. 

> *Бул иш-чара “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында ишке ашкан "Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында медициналык чөйрөнү жакшыртуу долбоорунун" бир бөлүгү.*

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы баасы 10 миллион сомдук эки негизги медициналык жабдуу тапшырылды:

Трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка 

Проктологиялык ооруларды дарылоо үчүн ультра үндүү диссектор 

Маанилүүсү: Бул заманбап аппараттардын жардамы менен бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапаты бир топ жогорулап, дарылоо мөөнөтү эки эсеге чейин кыскарат деп күтүлүүдө.