> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте курулуп жаткан маданий борбордо кинотеатр дагы болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/03/bishkekte-kurulup-zhatkan-madanii-borbordo-kinoteatr-dagy-bolot/
- Published: 2026-07-03T04:24:28.000Z
- Updated: 2026-07-03T04:24:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка таянсак, долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт.

> *Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу мейкиндиктер каралган.*

Бүгүнкү күндө имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Учурда биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоо иштерине даярдык көрүү, ошондой эле курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.