> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайда Бүргөндү каналы курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/03/kadamzhaida-burgondu-kanaly-kuruluuda/
- Published: 2026-07-03T03:53:30.000Z
- Updated: 2026-07-03T03:53:30.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери башталды.**

Кадамжай райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, канал 1976-жылы курулган. Каналдын жалпы узундугу 31 км, ал эми суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секундду түзөт.

> *Долбоордун алкагында каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секунддан 30 м³/секундга чейин көбөйтүлөт.*

Долбоор ишке ашырылгандан кийин 10 269 гектар сугат жердин суу менен камсыздалышы жакшырып, кошумча 2 000 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.