> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алдамчылыкка айыпталган адам чет жерден алынып келинди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/06/15-mln-somdon-ashyk-mulktu-aldap-alyp-kachyp-zhurgon-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-07-06T04:32:30.000Z
- Updated: 2026-07-06T04:32:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Башкы прокуратура тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталган А.А. Кыргызстанга алынып келинип, тергөө абагына киргизилди.**

> *Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны А.А. жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.*

Башкы прокуратура жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.