> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чаткалда 36 киши кооптуу жайдан куткарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/06/chatkalda-36-kishi-kooptuu-zhaidan-kutkaryldy/
- Published: 2026-07-06T07:32:06.000Z
- Updated: 2026-07-06T07:32:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесинде жайгашкан Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылган.**

ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам нөөмөттүк унаа менен тартылып, ошондой эле 1 жүктөгүч техника ишке киргизилген. Кеч киргендигине байланыштуу көпүрөнү калыбына келтирүү иштери 4-июлда улантылган.

Жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин жүрүшүндө куткаруучулар тарабынан асма көпүрө аркылуу жалпы 36 жаран коопсуз аймакка өткөрүлүп, өз багыттары боюнча жөнөп кетишти.

> *Алардын ичинен жетөө Россиянын, бирөө Казакстандын жана 28и Кыргызстандын жарандары болгон.*

> *Ал эми Кыргызстандын 2 жараны өз унаасы менен суунун деңгээлинин төмөндөшүн күтүп жатышат.*

Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Жарандарга жана туристтерге тоолуу аймактарда жана дарыяларга жакын жерлерде өзгөчө этият болуп, коопсуздук эрежелерин так сактоо сунушталат.