> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/06/chui-oroonundo-zher-titiroo-kattaldy/
- Published: 2026-07-06T05:45:41.000Z
- Updated: 2026-07-06T05:45:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**4–5-июлда Кыргызстанда эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.**

> *Маалыматка караганда, 4-июлда таңкы саат 05:40та 4,5 баллдык жер титирөө катталган. Анын очогу Моюнкум кумдары аймагында болуп, Кыргызстандагы калктуу конуштарда сезилген эмес.*

Ал эми 5-июлда саат 06:50дө 3,9 баллдык жер титирөө катталган. Очогу Пригородное айылына жакын жерде болгон. Жер титирөө Пригородное, Карагүл жана Чоң-Жар айылдарында 3 баллга чейин, ал эми Кемин жана Орловка шаарларында 2,5 баллга чейин сезилген.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!