> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК: Аймактарда үйдү 30% баштапкы төлөм менен алууга болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/06/mik-aimaktarda-uidu-30-bashtapky-tolom-menen-aluuga-bolot/
- Published: 2026-07-06T09:46:52.000Z
- Updated: 2026-07-06T09:46:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек жана Ош шаарларынан тышкаркы аймактардын тургундары үчүн турак жай сатып алуунун жаңы жеңилдетилген механизмин ишке киргизди.**

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, жаңы механизм республиканын бардык аймактарында жашаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Ал Бишкек жана Ош шаарларына жайылтылбайт.

> Жаңы шарттарга ылайык, турак жайдын баасынын 30%ы баштапкы төлөм катары төлөнөт. Калган 20%ын жаран батирди алганга чейин өзүнө ыңгайлуу убакта бөлүп төлөй алат. Бул төлөм үчүн белгиленген график каралган эмес.

Батир тапшырылгандан кийин калган 50%ы 15 жылга чейин жылдык 8% үстөк менен төлөнөт.

МИК жарандарды турак жай программалары боюнча кеңири маалымат алуу үчүн компаниянын расмий сайтына же аймактык өкүлчүлүктөрүнө кайрылууга чакырды.