> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбооруна кантип катышса болот?
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/06/zhash-zhubailardyn-darak-oturguzuusu-dolbooruna-kantip-katyshsa-bolot/
- Published: 2026-07-06T06:44:32.000Z
- Updated: 2026-07-06T06:44:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкекте "Жаш жубайлардын дарак отургузуусу" долбоору уланууда. Анын алкагында жаңы үйлөнгөндөр онлайн катталып, өздөрүнүн атынан борбор калаага дарак отургуза алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.** 

Долбоорго катышуу үчүн жубайлар greenair.kg/bishkek сайты аркылуу катталып, дарак отургузула турган жерди тандап, QR-код аркылуу төлөм жүргүзөт.

> Долбоордун шарттарына ылайык, жабык тамыр системалуу бак-дарактар 15 500 сом, ал эми ачык тамыр системалуу көчөттөр 7 800 сом турат.

Каалоочулар көчөттү өз алдынча сатып алып да отургуза алышат. Бирок ал белгиленген талаптарга жооп берип, алдын ала "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери менен макулдашылышы керек.

> Долбоордун алгачкы катышуучулары "Адинай" паркына көчөт отургузуп, жаңы салттын башталышына негиз салышты. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер көчөттөрдү туура отургузуу жана багуу боюнча кеңештерин беришти.

Долбоор "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясынын демилгеси аркылуу ишке ашырылууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783315477.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783315484.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1783315596.jpeg)