> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/07/beton-kuiuuchu-unaa-kulagan-kurulush-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-07-07T06:15:48.000Z
- Updated: 2026-07-07T06:15:47.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бетон куюучу атайын техника кулап, курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, окуя борбор калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №48 даректе курулуп жаткан 20–25 кабаттуу турак жай комплексинде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, насостук жабдууну жылдыруу иштери жүрүп жаткан учурда конструкция жылып кетип, техниканын тең салмактуулугу бузулган. Натыйжада бетон куюучу унаа курулуш аянтчасынын сырткы тосмосуна кулап түшкөн.

> Окуядан кийин департаменттин адистери жеринде текшерүү жүргүзүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "КФ Авангард" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүштү. Натыйжада компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда окуя болгон аймак курчоого алынып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.