> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/07/bishkektegi-kara-zhygach-konushunda-750-orunduu-mektep-kuruluuda/
- Published: 2026-07-07T12:40:36.000Z
- Updated: 2026-07-07T12:40:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.

> Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, компьютердик кабинеттер, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана ар бир этаптын аткарылышы тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/3e096170-d58f-41c2-a5f3-c88c04261533.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/58d626d3-f862-4075-a033-609b3af6d3dd.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/48658e38-3934-4e56-bb1e-525aeffecba4.jpeg)