> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/07/dyikandarga-zhenildetilgen-nasyialar-boiuncha-tushunduruu-ishteri-kuchotulot/
- Published: 2026-07-07T09:30:19.000Z
- Updated: 2026-07-07T09:30:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жыйында министрликтин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар талкууланып, санариптештирүү иштерин ылдамдатуу, берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле түшүм жыйноо маалында дыйкан-фермерлерге ыкчам жардам көрсөтүү маселелери каралды.

Министр Эрлист Акунбеков жеңилдетилген насыя берүү программалары тууралуу маалыматтарды аймактардагы дыйкан-фермерлерге кеңири жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тиешелүү түзүмдөргө түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

> "Дыйкан-фермерлерди колдоо боюнча мамлекет жүргүзүп жаткан саясат ар бир айылдагы өндүрүүчүгө жетиши керек. Жеңилдетилген насыялардын шарттары жана аларды алуу тартиби тууралуу маалыматтар толук жана жеткиликтүү түшүндүрүлүшү зарыл", — деди министр.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздап, жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди койду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-07-at-14.18.52.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-07-at-14.18.50-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-07-at-14.18.49.jpeg)