> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Суунун Ак-Колот айылына 119 млн сомго мектеп курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/07/kara-suunun-ak-kolot-aiylyna-119-mln-somgo-mektep-kurulat/
- Published: 2026-07-07T03:30:01.000Z
- Updated: 2026-07-07T03:30:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Колот айылында заманбап үлгүдөгү 150 орундуу жаңы мектеп курулат. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 119 миллион сомду түзөт.**

Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык мектеп үч блоктон турат. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты 1085 чарчы метр.

> *Мындан тышкары, волейбол, баскетбол жана футбол ойноо үчүн ачык спорт аянтчалары курулат.*

Курулуш иштеринин жүрүшү жана аткарылган иштердин сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.