> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/07/kyrgyzstan-menen-katar-sotsialdyk-dolboorlor-boiuncha-kyzmattashuunu-kuchotot/
- Published: 2026-07-07T05:25:03.000Z
- Updated: 2026-07-07T05:25:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын директору Абдельгадир Алимам Альбашеир Мохамед жетектеген делегация менен жолугушту.**

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда социалдык инфраструктура тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана аймактарда социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле Нарын облусунун Ак-Талаа районунда пландалып жаткан социалдык долбоорлор боюнча конкреттүү сунуштар каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

> Белгиленгендей, документ эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/739313653_879559591380787_6595153335953747081_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/740037872_1367208441932283_2406096331964246133_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/741409444_1386858073345564_7394408755103162502_n.png.jpeg)