> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/07/kyrgyzstandyn-airym-aimaktarynda-7-8-iiulda-sel-zhurushu-mumkun/
- Published: 2026-07-07T06:49:38.000Z
- Updated: 2026-07-07T06:49:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу жараларын эскертти.**

Министрликтин маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экени белгиленди.

> Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга, өзгөчө сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Зарыл учурда өзгөчө кырдаалдар кызматынын эскертүүлөрүн көз жаздымда калтырбоо сунушталат.