> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба боюнча суроолоруңуз барбы? 1210 номерине чалыңыз
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/aiyl-charba-boiuncha-suroolorunuz-barby-1210-nomerine-chalynyz/
- Published: 2026-07-08T04:28:23.000Z
- Updated: 2026-07-08T04:28:23.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн иштеген 1210 бирдиктүү байланыш номери аркылуу мамлекеттик колдоо программалары жана айыл чарба тармагына байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш алууга болорун эскертти.**

Министрликтин маалыматына ылайык, 1210 колл-борбору аркылуу жарандар жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, айыл чарба техникаларын лизингге алуу жана мамлекеттик колдоо программалары боюнча ыкчам маалымат ала алышат.

Мындан тышкары, байланыш номери аркылуу ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери боюнча да кеңеш берилет.

> 1210 колл-борбору иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Чалуу өлкөнүн бардык байланыш операторлорунан акысыз.