> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/baitik-aiylynda-1600-charchy-metrlik-zhany-skver-kurulat/
- Published: 2026-07-08T12:21:10.000Z
- Updated: 2026-07-08T12:21:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды.**

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты.

> Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн коомдук эс алуу аймагын заманбап талаптарга ылайык көрктөндүрүү каралган.

Скверде жөө адамдар үчүн брусчатка төшөлгөн жөө жүрүүчү жолдор, жашылдандыруу аймактары, бак-дарактар, гүлзарлар, эс алуу үчүн отургучтар, таштанды челектери жана көчө жарыктандыруу системасы орнотулат.

> Министрликтин маалыматына караганда, жаңы сквердин курулушу айыл тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу шарттарын түзүүгө, аймактын көркүн жакшыртууга жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-08----16.59.33.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-08----16.59.41.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-08----16.59.45.png)