> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/bishkekte-zher-munapysy-boiuncha-16-minden-ashyk-aryz-kabyl-alyndy/
- Published: 2026-07-08T09:43:30.000Z
- Updated: 2026-07-08T09:43:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында жер мунапысынын алкагында шаар куруу корутундусун алуу үчүн 16 миңден ашуун арыз түшүп, анын негизинде 13 миңден ашык даяр корутунду комиссиянын кароосуна өткөрүлдү.**

Шаар куруу жана архитектура департаментинин маалыматына ылайык, Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгондон бери Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Жер мунапысы бөлүмүнө 16 616 арыз келип түшкөн.

> 2026-жылдын январынан 1-июлуна чейин 2 022 шаар куруу корутундусу даярдалып, комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда комиссияга өткөрүлгөн даяр шаар куруу корутундуларынын жалпы саны 13 698ге жетти.

Ошол эле учурда 2 123 арыз боюнча баш тартуу чечими кабыл алынган. Буга жер тилкелеринин санитардык-коргоо аймактарында, сейил бактарда, электр өткөрүү линияларынын алдында же тазалоочу курулмалар жайгашкан аймактарда жайгашканы себеп болгон.

> Жер мунапысы боюнча кайрылуулар Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсү, 31 дарегинде жайгашкан Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Жер мунапысы бөлүмүндө кабыл алынат. Байланыш телефону: 0312 31 29 95.

Эске салсак, 2026-жылдын 3-июлунда Президент Садыр Жапаров жер мунапысынын мөөнөтүн узартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жер тилкелерин тариздөөнүн айрым этаптарын аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын 15-декабрына чейин узартылган.