> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/kazakstandan-tashylyp-kelgen-36-tonna-un-artka-kaitaryldy/
- Published: 2026-07-08T11:14:50.000Z
- Updated: 2026-07-08T11:14:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык сертификаты жок Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, 8-июлда "Ак-Тилек" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды" карантиндик фитосанитардык постунда текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан ташылып келген 36 тонна унду Кыргызстандын аймагына алып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптар бузулганы аныкталган.

> Тактап айтканда, жүк фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукцияга киргенине карабастан, ага тиешелүү фитосанитардык сертификат тиркелген эмес.

Буга байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартибине ылайык, жүк өлкөгө киргизилбей, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.