> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/kyrgyzstanda-zhumush-ordundagy-zombulukka-karshy-myizamdar-kuchotulot/
- Published: 2026-07-08T12:01:35.000Z
- Updated: 2026-07-08T12:01:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты.**

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки күндүк семинарга катышты.

> Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) №190 "Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө" Конвенциясын ишке ашыруунун механизмдерин, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин жана коопсуз, зомбулуктан эркин эмгек чөйрөсүн түзүүдөгү кесиптик бирликтердин ролун талкуулашты.

Ошондой эле иш-чарада бул багыттагы эл аралык жана улуттук тажрыйбалар боюнча пикир алмашуу болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда ЭЭУнун №190 Конвенциясынын ченемдерин Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына имплементациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/741620060_2432555683897152_6418105759779311502_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/741870967_1581530507020020_8338907804422909005_n.png.jpeg)