> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 70 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланат
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/oshto-70-kop-kabattuu-uidun-fasady-zhanylanat/
- Published: 2026-07-08T04:45:25.000Z
- Updated: 2026-07-08T04:45:24.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарында быйыл 70 көп кабаттуу турак жайдын сырткы фасадын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, иштер мэриянын "кош каржылоо" долбоорунун алкагында аткарылууда. Ага ылайык, оңдоо иштеринин 50%ын мэрия, калган 50%ын көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары каржылайт.

> Учурда 30 көп кабаттуу үйдүн фасады толугу менен жаңыланып бүттү. Дагы 15 үйдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта Анар көчөсүндөгү №9 көп кабаттуу үйдүн сырткы фасады актап-сырдалууда.

Ош шаардык мэриясы белгилегендей, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана турак жайларды жаңылоо боюнча иштер мындан ары да улантылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/IMG_0802-1.PNG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/IMG_0803-1.PNG)