> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/oshto-zhany-led-ekrandar-zhana-akylduu-aialdamalar-paida-bolot/
- Published: 2026-07-08T11:01:15.000Z
- Updated: 2026-07-08T11:01:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 49 маселе каралып, анын ичинде 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн берүүгө макулдук берилди.**

Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын 8-июлдагы отурумунда жалпысынан 49 маселе каралды.

Жыйындын жыйынтыгында 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу ижарага берүүгө, 9 жер тилкесин аукционго чыгарууга жана 4 жер тилкесин түз ижарага берүүгөмакулдук берилди. Чечимдер Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын корутундуларынын негизинде кабыл алынган.

> Мындан тышкары, мэриянын 2023-жылдын 26-июнундагы №293 токтомунун алкагында үч жер тилкесине демөөрчүлөрдүн эсебинен заманбап "акылдуу" аялдамаларды курууга уруксат берилди. Долбоорго ылайык, аялдамалардын аянтынын 30%ы тейлөөчү жай катары пайдаланылат.

Ошондой эле комиссия ижарага берилген жер тилкелери боюнча мурда кабыл алынган үч чечимге өзгөртүүлөрдү киргизди.

Мэрия бардык чечимдер колдонуудагы мыйзамдардын жана нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык ачык-айкын кабыл алынганын белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/741304920_1367743375544556_1303329532278733248_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/740215591_1367743122211248_8837202273551817880_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/740821862_1367743158877911_2428092435500514752_n.jpg)