> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/son-koldon-37-chakyrym-myizamsyz-balyk-uuloochu-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-07-08T09:14:16.000Z
- Updated: 2026-07-08T09:14:15.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери Соң-Көл көлүндө жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 37 чакырымды түзгөн мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, көлдүн акваториясы тазаланды.**

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чараны "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөрүштү.

> Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн акваториясында мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, алардын жалпы узундугу 37 миң метрди (37 чакырымды) түзгөн торлор көлдөн чыгарылды.

Министрлик белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан иштер Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, балык ресурстарын сактоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Учурда көлдү мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоо жана анын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иштер уланууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/IMG_8443.JPG.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/IMG_8446.JPG.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/IMG_8444.JPG-2.jpeg)