> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулаган жарандар кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/08/tomonku-ala-archa-suu-saktagychynan-myizamsyz-balyk-uulagan-zharandar-karmaldy/
- Published: 2026-07-08T03:58:46.000Z
- Updated: 2026-07-08T03:58:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында балык уулоонун эрежесин бузуу фактысы аныкталып, кармалган жарандардан 122 даана балык жана ар бири 100 метрден болгон эки даана синтетикалык тор табылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, рейддик иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жана Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү өткөрүшкөн.*

Аталган факты боюнча тиешелүү материалдар таризделип, иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!