> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Абанын ысышынан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/09/abanyn-ysyshynan-ulam-tooluu-aimaktarda-sel-zhurushu-mumkun/
- Published: 2026-07-09T08:43:15.000Z
- Updated: 2026-07-09T08:43:14.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.**

> Маалыматка ылайык, 9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы жогорулап, тоолуу райондордо мөңгүлөр эриши ыктымал. Ал эми айрым аймактарда жаан-чачын болуп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Адистер жарандарды коопсуздук чараларын сактоого, сел коркунучу бар аймактарда этият болууга жана зарыл болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырууда.