> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аравандык дыйкан 28 гектар таштак жерди мөмө багына айлантты
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/09/aravandyk-dyikan-28-gektar-tashtak-zherdi-momo-bagyna-ailantty/
- Published: 2026-07-09T06:53:50.000Z
- Updated: 2026-07-09T06:53:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Араван районунун тургуну Залкарбек Кожобаев 10 жыл мурда 28 гектар таштак жерди өздөштүрүп, бүгүнкү күндө кокон гилас менен шабдалы өстүргөн жемиш багын түптөдү. Эми ал тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, түшүмүн экспортко чыгарууну көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Анын айтымында, жакында эле каралбай калган жерлерди өздөштүргөн дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар тууралуу маалымат алган. Ошондуктан келерки жылы багына тамчылатып сугаруу системасын орнотууну пландап жатат.

> "20/80" долбоору менин көңүлүмө толуп турат. Бул программа аркылуу суу чарба башкармалыгы тамчылатып сугаруу системасын өзү орнотуп берет экен. Андан кийин жыл сайын түшкөн кирешенин 20%ын мамлекетке төлөйбүз", – деди ал.

Учурда Залкарбек Кожобаев өстүргөн мөмө-жемиштерин жергиликтүү базарларда сатып келет. Тамчылатып сугаруу системасы орнотулгандан кийин түшүмдүүлүк жогорулап, продукциясын экспортко чыгарууну көздөп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Араван районунда жүздөгөн дыйкан жеңилдетилген насыялардын негизинде чарбасын өнүктүрүп, өстүргөн түшүмүн чет өлкөлөргө экспорттоодо.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-09-at-11.55.37.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-09-at-11.55.38-2-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-09-at-11.55.38.jpeg)