> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте №54 мектептин жанындагы сейил бак жаңыланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/09/bishkekte-54-mekteptin-zhanyndagy-seiil-bak-zhanylanuuda/
- Published: 2026-07-09T12:49:22.000Z
- Updated: 2026-07-09T12:49:22.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1,3 гектарды түзгөн аймак жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу эс алуу жайы түзүлөт.

Долбоордо эс алуу зоналары, балдар жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, жөө жана велосипед жолдору, ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.

> Көрктөндүрүү иштеринде учурдагы жашыл бак-дарактар сакталат. Аймакка автоматтык сугаруу тутуму орнотулуп, жаңы көчөттөр жана көрк кошкон өсүмдүктөр отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 миң чарчы метрден ашат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!