> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ министри Аксы жана Ала-Букадагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/09/okm-ministri-aksy-zhana-ala-bukadagy-selden-zhabyrkagan-aimaktardy-kydyrdy/
- Published: 2026-07-09T05:50:14.000Z
- Updated: 2026-07-09T05:50:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондоруна иш сапары менен барып, сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы абалды жеринен көрүп чыкты.**

ӨКМдин маалыматына ылайык, министр калыбына келтирүү жана алдын алуу иштеринин жүрүшүн текшерип, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Ал жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо экенин белгиледи.

Иш сапарынын алкагында Канатбек Чыныбаев Ала-Бука районундагы министрликке караштуу Токой кызматынын ишмердүүлүгү менен да таанышып, жаңы отургузулган көчөттөрдүн абалын көрдү.

> Мындан тышкары, министр Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн административдик имаратын кыдырып, кызматкерлер үчүн заманбап жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал өздүк курам арасында кандай гана максатта болбосун акча чогултуу фактыларына жол берилбеши керектигин баса белгилеп, бул талаптын так аткарылышын камсыздоону тапшырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*