> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында эл үчүн акысыз Ордо аянтчасы ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/09/osh-shaarynda-el-uchun-akysyz-ordo-aiantchasy-achyldy/
- Published: 2026-07-09T03:53:22.000Z
- Updated: 2026-07-09T03:53:21.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарында улуттук спортту өнүктүрүүгө багытталган жаңы Ордо аянтчасы ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.** 

> Маалыматка ылайык, аянтча шаардык спорт комитетине тийиштүү болуп, бардык каалоочулар үчүн акысыз жеткиликтүү.

Жаңы жайда ордо оюнун сүйүүчүлөр, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көргөн спортчулар да машыга алышат.

> Ачылыш аземинде калаа мэри Жанарбек Акаев заманбап спорт менен катар улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаштар арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана салттуу оюндарды колдоо негизги максаттардын бири.

Ош шаардык мэриясы мындан ары да улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантарын билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/740407133_1042.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/740601679_2099.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/1_CcDQcxX.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)