> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 300 метр тор жана таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/09/ysyk-koldon-300-metr-tor-zhana-tashtandy-chygaryldy/
- Published: 2026-07-09T07:51:45.000Z
- Updated: 2026-07-09T07:51:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Корумду айылдарынын аймагында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн. Рейддин жыйынтыгында көлдөн мыйзамсыз салынган 300 метр синтетикалык балык уулоочу тор табылып, суудан чыгарылды.

> *Ошондой эле көлдүн жээгинен 30 килограммга жакын ар кандай тиричилик калдыктары жана акыр-чикирлер тазаланды.*

Текшерүү учурунда тескөөчүлөр жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга балык уулоо эрежелерин сактоо, тыюу салынган торлорду колдонбоо жана экологияга аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.