> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/11/oshto-aiyl-charba-zharmankesi-otot/
- Published: 2026-07-11T07:05:44.000Z
- Updated: 2026-07-11T07:05:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар өз өндүрүмү менен катыша алышат.*

Ош шаардык мэриясы иш-чара учурунда катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугу толук камсыздаларын билдирди. Ошондой эле сапаттуу жана арзан азыктарды алып калууга үндөйт.