> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Июнда өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/13/iiunda-olko-boiuncha-90-kurulush-obektisine-tekhnikalyk-korutundu-berildi/
- Published: 2026-07-13T07:08:05.000Z
- Updated: 2026-07-13T07:08:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду даярдады.**

Министрликтин маалыматына ылайык, техникалык корутундулар курулуш объектилеринин сейсмикалык туруктуулугун баалоо, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана колдонуудагы техникалык ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында берилген.

> Изилдөө жана баалоо иштеринин жүрүшүндө ар кандай багыттагы курулуш объектилери, анын ичинде социалдык инфраструктурага тиешелүү имараттар да текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Ошондой эле институттун адистери техникалык корутунду даярдоодо имараттардын учурдагы техникалык абалына баа берип, аларды реконструкциялоо же мындан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү боюнча тиешелүү сунуштарды жана корутундуларды чыгарышат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/3e7ba71c-1260-4861-bfa6-bd19729c5e5a.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/754a02d3-b2bd-4c11-a42a-c72d62933375.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/f5e62a58-fe85-438d-8949-647685f2930c.jpeg)